Биринчи казак-антропологу Оразак Смагул менен маек

Оразак Смагул – биринчи казак-антрополог. Ал казак элинин кырк кылымдык тарыхын илимий көз караш менен далилдеген. Улуу талаанын мейкиндигинде 4 миң жыл мурда жаралып, калыптана баштаган уникалдуу этностун өнүгүүсүн жана калыптанышын баяндаган көптөгөн китептердин автору. 90 жаштагы Оразак Смагул азыр дагы илим менен алектенет.   

Бул сүрөттөрдүн ар бири - тарых. Оразак Смагул казактардын тышкы элесин изилдөөгө өмүрүнүн элүү жылын короткон: манжалардын тери оюулары, тиш морфологиясы, кан айлануу тутуму, анан албетте скелет. Бүгүнкү күнү анын бүткүл илимий ишмердүүлүгү убагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр илимий эмгектерге жыйналган.

Илимпоз өзүнүн антропология илимине келип калышына студенттик археологиялык казуулар себеп болгонун эскерет. Ал кездерде археологдор негизинен эски буюмдары чогултушкан, бирок байыркы адамдардын сөөктөрүнө көңүл бурушкан эмес, анткени аларды изилдей турган адистер жок болчу. Анан Оразак Смагул элүүнчү жылдары изилдөөлөргө чындап киришет. Академик Каныш Сатпаевдин колдоосу менен өз окуусун бүткөрүп, бир нече экспедицияга катышат. Совет убагында окумуштуу «Казакстандын этникалык геногеографиясы» аттуу китеби үчүн куугунтукка кабылат.