Түз эфир

Jibek Joly телеканалы “Казакстан Республикасынын Президентинин Телерадиокомплекси” ЧЖУ РМИ курамына кирет. Jibek Joly 2022-жылдын аяк оона айынын 1инен тарта казак жана орус тилдеринде өз көрсөтүүлөрүн баштаган. Канал SilkWay үй-бүлөлүк оюн-зоок версиясы катары өлкө ичинде көрсөтөт.

Jibek Jolyнун мазмунунун жарымынан көбүн ата мекендик программалар түзөт. Булар «Жаңы мезгил» жана «Жаңы убакыт» маалыматтык-аналитикалык программалары, коомдук-саясий ток-шоулору, «Эл» коомдук ток-шоусу, «Нурлан Коянбаев менен Түнкү студия», «Жакшы адамдарым» оюн-зоок долбоорлору жана башка коптогон берүүлөр. Ошондой эле Jibek Jolyнун эфиринде дүйнөлүк кинематографиянын мега хиттери, популярдуу сериалдар жана казакча дубляждалган анимациялык тасмалар жана Silk Wayдин архивиндеги эң мыкты долбоорлор көрсөтүлөт.

SilkWay - Jibek Joly эл аралык телеканалынын эфирдик бутагы. SilkWay-бул HotbIRD 13B, Galaxy 19 жана Measat 3A спутниктери аркылуу төрт континенттин 118 өлкөсүнө көрсөтүлгөн Казакстан Республикасынын биринчи улуттук спутниктик телеканалы. Каналдын мазмуну 100% ата мекендик өндүрүш.

SilkWay'дин жалпы аудиториясы учурда 300 миллиондон ашык көрүүчүгө ээ. Телеканалдын берүүлөрү бир нече тематикалык багыттарда көрсөтүлүп, Казакстандын маданияты, каада-салты, тарыхы, туризми жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу тармактарды камтыйт. Канал ошондой эле Казакстан жана Борбор Азияга басым жасоо менен күн сайын акыркы жана актуалдуу жаңылыктарды берип турат.

Казакстандын спутниктик эл аралык каналы 2002-жылдын тогуздун айынын 25инде казак, орус жана англис тилдеринде эфирге чыга баштаган. 2018-жылы кыргыз жана өзбек тилдеринде берүүлөр кошумча жолчо менен ишке киргизилген. Көп каналдуу форматта эфирге чыккандыктан, санариптик телеберүүнүн ар бир абоненти 5 тилдин 100% берүүлөрүн каалаган, өзүнө жаккан тилинде тандап көрө алат.