
Башка реалдуулуктагы ишкерлер, алар кимдер? Биздин каармандар жаңы шарттарга көнүүгө аргасыз болушат жана бул жаңы көз караштарды ачууга мүмкүнчүлүк берет. Алар мобилдик тиркемелерди түзүшөт, онлайн үйлөнүү үлпөтүн уюштурушат, тамак-аш, эл керектөөчү товарларды жеткирүү үчүн жаңы форматтарды ишке киргизишет, дизайнерлердин кийимдерин, бут кийимдерин, жада калса бет каптарды тигишет. Ошондой эле, алар - дарыгерлерге, оорулуу адамдарга, пенсионерлерге ар кандай жардамдарды көрсөтүшөт. Жаңы келген ишкерлер жашоо мурдагыдай болбой тургандыгын түшүнүшөт, бирок ал токтоп калбайт. Программада жөнөкөй нерселерди үнөмдөө жөнүндө сөз болот.