Беларуста Ади Шарипов тууралуу тасманы тартуу иштери аяктады

Беларуста Ади Шарипов тууралуу тасманы тартуу иштери аяктады

Беларуста «1941-жылдын жай мезгили» деп аталган ата мекендик тасманы тартуу иштери аяктады. Бул чыгарма Улуу Ата Мекендик согуштун жана Беларусь токойлорунда фашисттердин чабуулун каармандык менен кайтарган адамдарга арналган.

Белгилей кетсек, тасма учурунда катуу кармаш болгон жерлерде тартылган. Картинада партизан отрядын башкарган Ади Шариповдун баатырдыгы жөнүндө баяндалат. Ал тууралуу немис аскерлери жакшы билишкени менен душмандар казак жоокери баштаган топту колго түшүрө алган эмес. Түпнуска чыгарманын бет ачары ушул жылдын бештин айына мерчемделген.

Тасболат Меретенов, тасманын башкы продюсери:

- Казакстандын жаратылышы башкача, кең талаалар, тоолор, чөлдөр, көлдөр. Бирок окуянын өзү Беларуста болгон. Ошондуктан биз экранда чындыкты көрсөтүү үчүн бул өлкөгө келдик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков