Казакстанда бизнес жүргүзүүгө байланыштуу 80 тоскоолдук (барьер) аныкталды

Казакстанда бизнес жүргүзүүгө байланыштуу 80 тоскоолдук (барьер) аныкталды

Казакстанда ишкерлердин жеке бизнес жүргүзүүсүнө тоскоол болгон 80 себеп аныкталды. Бүгүнкү күндө алардын 13үнө чара көрүлгөн. Азыркы учурда өлкөнүн 17 аймагында тоскоолдуктар боюнча түзүлгөн кеңештер иш алып барат. Аларга 216 серепчи катышат. Бул жаатта эң негизги милдеттердин бири - базалык кубаттуулукка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу болуп турат. Башкача айтканда, инфраструктураны жана объектини туура колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Бул ишкерлерге өз кызматын керектөөчүлөргө сунуштап, атаандаштыкка туруштук берүүгө чоң тоскоолдук жаратат.

Серик Жумангарин, РКнын атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасы:

- Бүгүнкү күндүн башкы милдети - экономикада мамлекеттин ролун аныктоо. Ошол эле учурда атаандаштыктын өнүгүшүнө кедергисин тийгизген үч негизги тоскоолдук аныкталды. Биринчиден, негизги кубаттуулукка жетүү, бааны бурмалоо, ошондой эле жебөөчүлүк же фаворитизм. Негизги кубаттуулукка жетүүнү камсыз кылуу маанилүү милдет болуп жатат.

Тармактык адистердин айтымында, жеке бизнеске тоскоол болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жоюуга артыкчылык берилет. Негизги максат бул ишке жаңы талаптарды киргизүү. Ошондо гана өлкөдөгү ишкердик климаты кескин өзгөрөт, - дешет талдоочулар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков