Минск шаарында уникалдуу «Казакстан-Беларусь» альманахы тааныштырылды

Минск шаарында уникалдуу «Казакстан-Беларусь» альманахы тааныштырылды

Минск шаарында уникалдуу «Казакстан-Беларусь» адабий-көркөм альманахынын бетачары болду. Жыйнак 2 мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата басылып чыккан. Китептеги материалдар казак, беларус жана орус тилдеринде берилген. Бул көп жылдык адабий жана маданий кызматташтыкты чагылдырат. Китептен көрүнүктүү казакстандыктар - Абай Кунанбай уулунун, Олжас Сулейменовдун, Мухтар Ауэзовдун, ошондой эле Беларусь адабиятынын классиктери Янка Купалинин жана Якуб Коластын чыгармаларын көрүүгө болот. Жалпысынан 70 автордун чыгармалары жарыяланган.

Любовь Шашкова, Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын:

- Бул, албетте, көп жылдык иштин натыйжасы. Казакстан жана Беларусь ортосундагы ондогон жылдар ичиндеги биздин адабий, маданий байланыштар. Мындай өз ара мамилелер жана долбоорлор абдан көп. Алардын саны ушунчалык көп болгондуктан, кеп бир нерсени бир жерден табуу жөнүндө эмес, эң маанилүүсүн, эң кызыктуусун тандап алуу жана ушул альманахты алты бөлүмдө сунуштоо тууралуу болуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков