Казакстандык селекционерлер жылкынын жаңы тукумун чыгарат

Казакстандык селекционерлер жылкынын жаңы тукумун чыгарат

Акжайык жылкысынын жаңы тукумун чыгаруу. Казакстандык селекционерлер ушул багытта иштеп жатышат. Ал үчүн окумуштуулар казактын жапайы жылкысын мугалжар менен аргындаштырышат. Натыйжада, чет элдик асыл тукумдуу аргымактан кем калышпаган чыдамкайлыгы жана өндүрүмдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн тулпар алуу көздөлүүдө.

Жанкабыл Сатпаев, чарба кожолугунун башчысы:

- Биз өзүбүздүн жергиликтүү бээни тандап, ага Мугалжар аргымагын кошуп, аргындаштырсакпы деп ойлоп жатабыз. 2015-жылы макамын алып, казактын жапайы тектеш жылкысы деген атагын алдык. Чет элдик англис аргымактары менен аргындаштырып, андан мине турган аттарды даярдап келе жатабыз. Мурунку Казанат, казактын карабайыр жылкылары бар эмеспи, Акан жылкысы деген сыяктуу.

Бул фермада жалпысынан 3 миң баш жылкы бар. Негизгиси – казактын асыл тукумдуу бээлери. Алар ыңгайлуу жана минүүгө ылайыктуу деп эсептелет. Бирок негизинен эт жана сүт өндүрүү үчүн өстүрүлөт. Ал эми Мугалжар тукуму асылдуулугу, жогорку өндүрүмдүүлүгү жана чыдамкайлыгы менен айырмаланат. Жаңы Акжайык түрү асыл тукумдуу генотиптерден эң мыктысын алат, дешет селекционерлер.

Алтай Зейнуллин, селекционер:

- Бул породаны алуу үчүн биз алгач казактардын Көшум тукумунан өтүп, андан кийин, иммунитетин жана ыңгайлуулугун арттыруу үчүн Мугалжар тукуму менен жаптык. Бул породалардын бардыгы жергиликтүү тукум болуп саналат. Алар жыл бою жайытта жүрүүгө ылайыкташтырылган. Анык салмагын жана көлөмүн көбөйтүп, малдын жайлоого ыңгайлашуусун сактап калабыз.

Эт-сүттүү багыттагы камбар ата породасынын жаңы тукумун алуу – азыктык баалуулугу жогору табигый таза өнүмдөрдү өндүрүүнү жолго коюуга дагы бир кадам, дешет селекционерлер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков