Дүйнө тааныган Абай

Дүйнө тааныган Абай

Биринчи жолу Абай окуулары Шанхай шаарында өткөрүлдү. Иш-чарада улуу акындын адабий жана музыкалык чыгармалары аткарылды. Ошондой эле, көрүүчүлөр Абайдын кытай жана орус ырчыларынын аткаруусунда белгилүү ырларын угушту. Кеченин алкагында Казакстандын Дипломатиялык өкүлчүлүгү Абайдын кытай тилине которулган чыгармаларынын жыйнагын Шанхай китепканасына тапшырды.

Азат Изоллаулы, тарыхчы:

- Чыгыштын бермети аталган Шанхай шаарында бүгүн биринчи жолу казактын руханий атасы, талаа цивилизациясынын тиреги болгон, аты алыска тараган, Абай чыгармалары тууралуу, Абайдын ырлары, улуу кара сөздөрү тууралуу Абай окуулары атындагы кезектеги туңгуч концерт болуп өттү. Бул абдан ийгиликтүү иш-чара болду.

У Айчжун, Шанхай чет тилдер университетинин борбордук азия тилдери факультетинин деканы:

- Абай – Казакстандын белгилүү ойчулу жана сөзмөрү. Анын ырлары көптөгөн тилдерге которулган. Биздин факультетте дагы котормолор бар. Бизде студенттер «Казак тили» адистиги боюнча билим алышат. Келечекте алар дагы бул иш-чарага катышат деген ишенимдебиз.

Ал эми Түркиянын Алания шаарындагы сейил бакка Абай Кунанбай уулунун ысымы ыйгарылып, улуу ойчулдун эстелиги тургузулду. Салтанаттын ачылыш аземинде улуу акындын «Көзүмдүн карасы» «Айттым салам, Калемкас». «Сегиз аяк» сыяктуу жана башка ырлары аткарылды.

Адем Мурат Южел, Алания муниципалитетинин башчысы:

- Абай паркын – Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Аланиянын тургундарына тартуулап жатабыз. Улуу ойчулдун ысымы Акындар аллеясындагы сейил бакка ыйгарылышы бекеринен эмес. Себеби, бул жерде түркиялык белгилүү 37 акындын эстелиги тургузулган. Абай Кунанбай уулу паркы эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын символу деп эсептейм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков