Сак дооруна таандык экспонаттар табылды

Сак дооруна таандык экспонаттар табылды

Түндүк Казакстан облусунун байыркы «Акири» шаарчасында жүргүзүлгөн казуу иштеринин жүрүшүндө темир дооруна таандык уникалдуу табылгалар табылды. Тарыхчы студенттер 2,5 миң жылдык тарыхы бар сөйкө, шакектерге, жебелердин учтарына, көгүлтүр зергер буюмдарына жана антропоморфтук статуэткага туш болушкан.

Анатолий Плешаков, тарых илимдеринин кандидаты:

- Бул антропоморфтук айкел, көрүнүп тургандай башы, ийилген буттары, бул каптал сынган. Анда ошол кездеги адамдардын дүйнө таанымы жана эстетикалык көз караштары чагылдырылган. Алар Кудай, балким өз урууларын жана туугандарын чагылдырган болушу мүмкүн. Башкача айтканда, көркөм өнөрдүн бир үлгүсү.

Дильназ Кайырболды, Манаш Козыбаев атындагы СКУ студенти:

- Экспедиция башталгандан бери казуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Жердин жогорку кабатынан эч нерсе табылган жок. Ал эми биз байыркы темир доорунун объектилерин аныктадык. Биз өткөн тарыхыбызды, ата-бабаларыбыз кандай кийимдерди кийип, кандай куралдар менен аңчылык кылышкандыгын билишибиз керек. Бул биздин тарых.

Акири шаарындагы археологиялык эксперименттин жүрүшүндө студенттер окумуштуулар менен бир гана казуу иштерин жүргүзбөстөн, темир доорундагы маданий жана тарыхый окуяларды калыбына келтирүү менен да алектенишет. Алар сактардын кийимдерин тигип, үйлөрдүн макеттерин жасашат. 2023-жылы ачык асман алдында Акири шаарчасынын музейин түзүү мерчемделген. Бул үчүн мамлекеттик казынадан 57 миллион теңге бөлүнөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков