Казакстанда кылмыш иштери электрондук форматта тергелет

Казакстанда кылмыш иштери электрондук форматта тергелет

Казакстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп кылмыш иштерин электрондук форматта тергөөгө өттү. Азыркы учурда иштин 70% ушул форматта жасалып жатат. Ал эми жыл аягына чейин толугу менен өтүү пландалууда. Бул тууралуу Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, бул форматтын киргизилиши тергөөнүн узактыгын бир кыйла кыскартып, жарандардын конституциялык укуктарын көзөмөлдөө жана коргоо деңгээлин жогорулатат.

Жалпысынан, өлкөнүн полиция башчысынын айтымында, Казакстанда кылмыштуулуктун азайышы байкалат. Быйыл өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун саны аз катталып, муну менен катар, мас абалында укук бузуучулардын саны азайган. Кырдаалга «Элге жакын полиция» планы оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

Ерлан Тургымбаев, Казакстандын ички иштер министри:

- Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен «Элге жакын полиция» планы ишке ашырылууда. Бул иштин алкагында үйлөрдүн, сейил бактардын жана скверлердин айланасында жөө жүргүнчүлөрдүн күзөт саны көбөйүүдө. Шаарлардын эң криминогендик аймактарында заманбап модулдук полиция бөлүмдөрү орнотулууда. Бул бекеттерде жарандарды күнү-түнү кабыл алуу жана тейлөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, «полиция чакыруу» сигнализация тутуму бар. Арыздануучу түздөн-түз нөөмөт бөлүмүнө кайрылса болот.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте бир катар жаңы коопсуздук чараларын иштеп чыгууда. Тактап айтканда, Татарстанда болгон трагедиядан кийин окуучулар жана кызматкерлер арасында өрт, жер титирөө, суу ташкыны, террордук актылар сыяктуу өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда иш-аракеттерге атайын даярдык көрүү мерчемделип жатат.

Ерлан Тургымбаев, Казакстандын ички иштер министри:

Өлкөдөгү бардык мектептер текшерүүдөн өтүп жатат. Бир катар кемчиликтер аныкталды. Мектептер видео байкоо тутумдары менен 100% жабдылгандыгына карабастан, алардын жарымына жакыны белгиленген стандарттарга жооп бербейт. Мектептердин үчтөн биринен ашыгы гана авариялык сигнал берүүчү системалар менен жабдылган. 8%  гана коңгуроо кагуу шайманы менен жабдылган, кирүү-чыгуу көзөмөлү 5% га, турникеттер менен болгону 4 пайызга, металл детекторлор менен 1% жабдылган. Ошол эле учурда, мектептердин 6% гана күзөт уюмдары менен келишим түзгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков