Сармат жоокерлеринин сөөгү табылды

Сармат жоокерлеринин сөөгү табылды

Казакстандык археологдор дагы бир сенсациялуу жаңылык менен бөлүштү. Атырау облусунда Каракудук көрүстөнүнөн сарматтар доорундагы 3 жоокердин сөөктөрү табылды. Мындай олжого археологдор байыркы көрүстөнгө жүргүзгөн казуу иштери учурунда туш болушкан. Аны менен катар, жебелер, найза, кылыч, таш кайрак жана карапа идиштер табылган. 3 адамдын сөөгүн бир көрүстөнгө коюу археологияда сейрек кездешет, дешет адистер. Эми табылган сөөктөргө антропологиялык изилдөө жүргүзүлөт.

Амангелди Зайнов, археолог:

- Каракудук көрүстөнү 2012-жылы археологиялык казуулар учурунда табылган. Сармат доорунун тарыхый эстеликтери болуп саналат. Археологиялык изилдөө иштери эки этаптан турат. Экинчи этапты эл аралык экспедициянын алкагында өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков