Кулжа айынын 4 – мамлекеттик символдор күнү

Кулжа айынын 4 – мамлекеттик символдор күнү

Бүгүн - Казакстандын Мамлекеттик символдор күнү. Эгемен республиканын атрибуттары - Желеги, Герби жана Гимни 1992-жылы бекитилген. Мамлекеттик символдор биримдикти, эркиндикти, ынтымакты, көз карандысыз өлкөдө жашаган элдин каада-салты менен баалуулуктарын жана анын көп кылымдык тарыхын аныктайт, өлкө өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгүн көрсөтөт.

Жандарбек Малибеков, Казакстан Республикасы Гербинин автору:

- Биздин символдо каада-салттар, жалпы казак элинин тарыхы, Улуу Талаанын маданияты чагылдырылган. Ошондуктан, гербде, желекте, гимнде ар дайым эркиндигибиз, көз карандысыздыгыбыз, ошондой эле, гуманисттик көз караш орун алган. Казакстан тынчтыкты өзүнүн башкы баалуулугу деп эсептейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков