Мажилисте дене тарбия жана спорт маселелери боюнча өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Казакстанда дене тарбия сабагында улуттук спорттун түрлөрү окутулат. Жалпы билим берүү жайларында окутулган улуттук спорттун түрлөрүнүн тизмеси Маданият министрлиги тарабынан бекитилет. Бул жаңычылдык Мажилистин пленардык жыйынында жактырылган «Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына дене тарбия жана спорт маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда каралган. Документ балдар менен  жаш өспүрүмдөрдү мүмкүн болушунча спортко тартууга багытталган. Бул үчүн 2025-жылга чейин 300 ашуун клуб ачуу мерчемделип жатат.

АКТОТЫ РАИМКУЛОВА, КАЗАКСТАНДЫН МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИ:

- Бардык жаш категория арасында дене тарбия көнүгүүлөрү  жана спорт менен алектенген калкты 45% чейин камтып, өсүп келе жаткан муундун патриоттук сезимин күчөтүш керек. Сергек жашоо образын жайылтып, коомчулукта массалык спортту өнүктүрүү боюнча калк менен ишти уюштуруп спортчуларды медициналык көзөмөлдөө үчүн шарттарды түзүү зарыл.

Аны менен катар, министр алдыдагы убакытта жергиликтүү аткаруу бийлигинин компетенциясы кеңее тургандыгын белгиледи. Бул жаатта калк үчүн спорттук клубдарды жана секцияларды, балдардын жана өспүрүмдөрдүн дене тарбия клубдарын уюштуруу керек. Мындан тышкары, спорттук базалардын жеткиликтүүлүгү жогорулап, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар түзүлөт. Турак-жай комплекстерин куруу учурунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалын эске алып спорттук аянтчалар менен камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди. Быйыл дене тарбия жана спорт тармагына ар кандай каржы булактарынан 10 миллиард теңге бөлүнгөн. Учурда Казакстанда  балдар менен жаш өспүрүмдөрдүн 107 жана 579 балдар спорт клубу бар.