«Otandastar» фонду «30 кайрымдуулук иши» акциясын колдоду

Өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «30 кайрымдуулук иши». Быйыл башталган юбилейлик өнөктүктү Казакстан эли жигердүү колдоп жатат. Ошентип, ондогон көчөттөр өлкөнүн башкы шаары - Нур-Султандын аллеяларынын бирин кооздоду. Айта кетсек, дүйнөнүн башка бир катар шаарларында жана борборлорунда - Стамбул, Ташкент, Берлин, Омск жана Киевде жашаган казакстандыктар дагы акцияга кошулушту.

Магауия Сарбасов, «Otandastar» фондунун вице-президенти:

- Биз шаарды жашылдандырууга өз салымыбызды кошуп жатабыз, бул акция өлкөбүздө Президенттин жакынкы 5 жылда 15 миллион бак-дарак отургузуу тапшырмасынын алкагында болуп жатат. Мындан тышкары, Эл Башы шаарды жана шаардын чекелерин көрктөндүрүүнүн маанилүүлүгүн айткан. Эми күзгү көчөттөрдү отургузууга дагы катышабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков