Казакстандын туризм тармагын санариптештирүү

Казакстандын туризм тармагын санариптештирүү

Санариптик тоскоолдуктар, интерактивдүү гид картасы, саякатчылар үчүн мобилдик тиркемелер. Мунун бардыгы туристтердин эс алуусун ыңгайлаштыруу үчүн керек нерселер. Ага ылайык, учурда Казакстанда туризм тармагын санариптештирүү боюнча иш алып барылууда. Адистердин айтымында, мындай жол менен туристтик секирик жасоого гана жетишпестен, өлкөнүн табигый, биологиялык, тарыхый жана маданий байлыгын баштапкы калыбында сактап калууга болот.

Аида Табелинова, география илимдеринин кандидаты, «qazaq geography» башкы менеджери

- «Qazaq Geography»тын негизги идеясы – санариптик инфраструктураны экосистемага, өрт коопсуздугуна, биологиялык ар түрдүүлүктү мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген санариптик платформасы аркылуу өнүктүрүү. Туристтерди көзөмөлдөө жана аларды мониторингден өткөрүү өтө маанилүү. Жарандар сайттардан жеке материалдарды жүктөп албоо үчүн санарип платформаны мобилдик тиркемеге модернизациялоого болот. Бул табигый, тарыхый жана маданий депозитарий үчүн жалпы негиз болот.

Ошентип, санарип технологиялар Казакстандын туристтик маданиятынын маанилүү бөлүгүнө айланууда. Заманбап интерактивдүү функциялардын жардамы менен өлкөнүн эң таанымал туристтик жайларына виртуалдуу 3D турлар аркылуу саякаттап, архитектуралык имараттары жана Улуу Талаанын бай жылнаамалары менен таанышууга болот. Мисалы, kazakhstan.travel аттуу улуттук порталда бир катар атайын санарип платформалар сунушталган. Алардын катарында Алтын Орда, Tourstat.kz жана E-konak бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков