Чөлдүн ортосунда жемиш өстүргөн фермер

Чөлдүн ортосунда жемиш өстүргөн фермер

Чөлдүн ортосундагы жемиш багы. Тамчылатып жана автоматтык сугаруу сыяктуу алдыңкы технологияларды колдонуунун аркасында маңгыстаулык багбан алма, жүзүм жана өрүктөн мол түшүм алып жатат. Сугат үчүн тиричилик булагы жер астындагы булактардан алынат.

Жаксылык Ибадуллаев күнөскана чарбасы менен да алектенет. Анда негизинен помидор жана бадыраң өстүрүлөт. Өткөн жылы эле ал 100 тоннага жакын жашылча-жемиш жыйнаган. Ал эми күнүнө жарым тонна бадыраң жыйнайт.

Жаксылык Ибадуллаев, Чарба кожолугунун жетекчиси:

- Мен 2005-жылы ферма ачкам. Коон-дарбыз бардыгын эктим. Тал-теректерди отургузганыма да быйыл сегизинчи жыл болду. Быйыл малга чөп өстүрдүм. Былтыр 3 гектарга беде дв айдадым. Андан да жакшы өнүм болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков