Казакстандын улуттук курама командасы Токиодогу олимпиадага 53 жолдомо алды

Казакстандын улуттук курама командасы Токиодогу олимпиадага 53 жолдомо алды

Быйыл Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарында Казакстандын курамасы спорттун 30 түрү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова өлкө калкы менен отчёттук жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, спортчулардын куржунунда спорттун 22 түрү боюнча 53 жолдомо бар. Айта кетчү жагдай, казак спортчуларынын алдыдагы квалификациялык турнирлерде жана чемпионаттарда теке айынын 1не чейин дагы 15 кошумча лицензия утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Буга кошумча мекеме башчысы паралимпиадачылар алдыдагы төрт күндүк оюндарда Казакстандын намысын коргой тургандыгын белгиледи.

Актоты Раимкулова, Казакстандын маданият жана спорт министри:

- Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн өлкөдө 15 спорт клубу, ал эми борбор калаада олимпиадалык даярдоо борбору иштейт. Токиодогу Жайкы Паралимпиада оюндарына катыша турган өлкөнүн курама командалары дагы машыгуудан өтүп жатышат. Биздин атлеттер спорттун 3 түрү боюнча 9 лицензия утуп алышкан. Теке айынын 20на чейин спорттун паралимпиадалык курама командасы дагы 8 квалификациялык турнирге катышууну пландап жатат, анда кошумча лицензиялар ойнотулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков