«Казгидромет» өлкө фермерлерине арналган интернет-тиркемени ишке кошту

«Казгидромет» өлкө фермерлерине арналган интернет-тиркемени ишке кошту

Себүү иштерин качан баштаган жакшы? Кургакчылыкты жана түшүмдүүлүктү күтүү керекпи? Топуракта нымдуулуктун өлчөмү канча? Дыйкандарды ойлондурган мындай суроолорго атайын интернет-тиркеме жооп бере алат.

«Казгидромет» адистери «AgroData» программасын иштеп чыгышты. Анда мамлекеттик көзөмөлдөө тармагынын негизинде алынган так жана божомолдоочу агрометеорологиялык маалымат жарыяланат. Мындай жаңычылдыкты пилоттук режимде акыркы эки жылда өлкөнүн 80ден ашуун дыйкан чарбалары тарабынан сыноодон өттү. Фермерлер чыгымдардын 5-10%га кыскаргандыгын белгилешти. Иштеп чыгуучулар тиркеме ар бир колдонуучуга жеткиликтүү экендигин айтышат. Борбордук Азияда мындай кызматтын азырынча альтернативасы жок.

Нонна Лоенко, «Казгидромет» РМК агрометерологиялык мониторинг жана божомолдоо департаментинин мүдүрү:

- Жакынкы аралыкта биз бул тиркеменин мобилдик версиясын иштеп чыгууну мерчемдеп жатабыз, ал интернетсиз деле жеткиликтүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков