Жеңиш күнү: Москвада казак баатырларынын эрдиктеринин көргөзмөсү

Жеңиш күнү: Москвада казак баатырларынын эрдиктеринин көргөзмөсү

Казакстандын Улуу Ата Мекендик согушунда жеңишке кошкон салымы ченемсиз. Буга далил болгон тарыхый баалуу материалдар Москванын борборундагы көргөзмөдө көпчүлүктүн назарына сунушталды.

Жеңиш күнү менен Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган көргөзмөгө Москваны, Беларусту, Польшаны бошотууга жана Берлинди алууга катышкан казак баатырларынын эрдигин чагылдырган сүрөттөр, документтер коюлду. Мында согуш жылдарындагы казакстандык кыз-келиндерге жана оорук эмгекчилерине арналган бир нече такта арналган. Жалпы көргөзмөгө эки жактуу 16 стенд орнотулду.

Белгилей кетсек, Казакстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган көргөзмө бугу айынын 16на чейин уланат.

Ермек Көшербаев, Казакстандын орусиядагы элчиси:

- Казакстанда согуш жылдарындагы санак боюнча 6 жарым миллион адам болгон. Алардын 1,2 млн миңи майданга аттанган. 600 миңден ашууну согуштан кайтпай калган. Душманга каршы атылган 10 октун 9у Казакстандын коргошунунан куюлган. Бул биздин мамлекеттер жана элдер үчүн маанилүү күн, анткени бул келечектеги кызматташтыгыбыздын сакталышына жана өнүгүшү үчүн негиз боло турган окуялардын бири.

Которгон: Илгиз Жамалбеков