Улуттук банк санариптик теңгени иштеп чыгууда

Улуттук банк санариптик теңгени иштеп чыгууда

Казакстандын Улуттук банкы санариптик теңгени иштеп чыгууда. Бирок алар кадимки накталай акчанын ордун алмаштыра албайт. Башкача айтканда, экөө тең бир учурда колдонулат.

Жаңы төлөм механизмин киргизүү схемасы азырынча талкууланууда. Эгерде Каржылык жөнгө салуучу долбоор ишке ашса, анда санариптик теңге акчанын бир түрү катары пайдаланылат. Аны каалаган убакта накталай акчага айландырып алууга болот. Ошондой эле, улуттук валютанын жаңы түрү ишкерлер жана жеке адамдар үчүн да жеткиликтүү болот. Серепчилердин айтымында, санариптик теңге аркылуу ар кандай төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү интернетке кошулбай туруп жүргүзсө болот. Санариптик теңгени колдонууга киргизүүгө Улуттук банк гана укуктуу. Каржылык көзөмөл органдары долбоорду криптовалюта менен чаташтырбоону эскертет. Окшош технологиялык мамилелерге карабастан, улуттук валютанын жаңы формасын төлөм тутумдарынын булут түрүнө таандык кылууга болбойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков