Сенат жер тууралуу мыйзам долбоорун Мажилиске кайтарды

Сенат жер тууралуу мыйзам долбоорун Мажилиске кайтарды

Сенат жер мамилелери жөнүндө мыйзам долбоорун Мажилиске кайтарды. Түзөтүүлөргө ылайык, жеке токой өстүрүү үчүн жер участкаларын Казакстандын жарандарына жана чет өлкөлүк үлүшү жок юридикалык жактарга гана берүү сунушталды.

Эске салсак, документ чет элдиктерге айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салат. Мындан тышкары, пайдаланылбай жаткан жерлерди кайтаруу мөөнөтү эки жылдан бир жылга чейин кыскартылышы мүмкүн. Казакстан Республикасынын Айыл чарба министринин маалыматы боюнча, аймактарды сарамжалдуу пайдаланууга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков