Казакстанда интеллектуалдык жөө жүргүнчүлөр жолу пайда болот

Казакстанда интеллектуалдык жөө жүргүнчүлөр жолу пайда болот

Казакстандын жолдоруна орнотулган жаңы технологиялар жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту жогорулатуу менен бирге, эң негизгиси жол кырсыктарынын санын азайтууга мүмкүндүк берет. Жакын арада өлкөдө альтернативдүү жол белгилери, проекциялык жана тротуардык жолдор, ошондой эле, интерактивдүү жол белгилери пайда болот. Бул тууралуу Ички иштер министринин кеңешчиси Нурдилда Ораз брифингде билдирди. Анын айтымында, Ички иштер министрлиги мекемелер аралык семинар-кеңешме өткөрүп, жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулады.

Нурдилда Ораз, Ички иштер министринин кеңешчиси:

- Жол коопсуздугун жогорулатуу максатында Ички иштер министрлиги чет элдик тажрыйбаны изилдеп, Алматы, Жамбыл жана Чыгыш Казакстан облустарынын жолдорунда пилоттук долбоорду баштоону сунуштады. Алдыңкы технологиялар реалдуу шарттарда сыноодон өтөт жана Казакстандын жолдорунун өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылат. Аларга проекциялык жана акылдуу тротуарлар, альтернативдик жол белгилери, анын ичинде үч тилкелүү 3D форматы, интерактивдүү жол белгилери жана башкалары бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков