Депутаттар мониторингдик топторду жоюуну талап кылышты

Депутаттар мониторингдик топторду жоюуну талап кылышты

Мажилис депутаттары мониторинг жүргүзүүчү топторду жоюуну талап кылышты. Тактап айтканда, Дания Еспаева вице-премьер-министр Ералы Тогжановдун атына расмий суроо менен кайрылып, мониторинг топторунун ишмердүүлүгүнүн жана алар тарабынан салынган айыппулдардын мыйзамсыз жана коррупциялык мүнөздөмөлөрүн белгиледи. Аны менен катар, Еспаева санитардык дарыгерлердин көптөгөн чектөөлөрү жарандар арасында суроолорду жаратып жаткандыгын кошумчалады. Анын айтымында, көпчүлүк учурларда ар бир региондо коюлган тыюу салуулар негизсиз жана жашыл-сары-кызыл зоналарга дал келе бербейт.

Дания Еспаева, Казакстандын Парламент Мажилисинин депутаты:

- Маселен, тамактануу жайлары жана дүкөндөрдүн иштөө убактысына чектөөлөр бир жерде 20:00гө чейин, башка жерде 23:00-00:00гө чейин киргизилген. Көбүнчө, «кызыл» аймактардагы айрым объектилер «жашыл» аймактарга караганда узагыраак убакытка иштешет. Эмне үчүн санитардык дарыгерлер кафелер жык-жыйма коомдук транспортко караганда көбүрөөк коркунуч туудурат же вирус кечки саат 10дон кийин гана күтүлбөгөн жерден ойгонуп, активдешип кетет деп ишендиришет? Мындай чечимдер бир жылдан ашык убакыттан бери кандай статистикалык, илимий далилдерге негизделген? Логикалык жактан алып карасак, алардын жумуш убактысына караганда жабык жайлардын санын чектөө алда канча маанилүү; Айрым нерселерге тыюу салуудан жана болуп жаткан майрамдарды көрмөксөнгө салгандан көрө аралыкты сактоону талап кылган алда канча натыйжалуу.

Депутат тыюу салуулардан баш тартып, Ишкердик кодексине ылайык бизнести акылга сыярлык жөнгө салууга өтүүнү сунуштады.

Которгон: Илгиз Жамалеков