Вакцинациянын электрондук паспорту «eGov mobile» тиркемесинде жеткиликтүү

Казакстанда 1414 байланыш кызматынын ишин жакшыртуу иштери уланууда. Жакында жарандардан оператор кызматын узак убакытка күтүп калгандыгы боюнча арыздар түшкөн. Бул өткөн жылдан берки чалуулардын саны үч эсеге көбөйгөндүгү менен байланыштуу. Чалуулардын саны күнүнө 40 миңден 120 миңге чейин жеткен. Бул тууралуу өлкөнүн Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмос өнөр жайы боюнча министри Багдат Мусин билдирди. Ошондой эле, ал ушул жаздын аягында кырдаал өзгөрүп, линиядагы күтүү убактысы 5 мүнөттөн 30 секундга чейин кыскара тургандыгына ишендирип кетти. Мындан тышкары, тиешелүү мекеменин башчысы eGov мобилдик тиркемесинде бар эмдөө электрондук паспортун колдонуунун алгоритмдери жөнүндө айтып берди. Анда адам кандай дары-дармектерди, кайсы дозада жана кайсы күнү алгандыгы тууралуу маалыматтар үч тилде көрсөтүлөт.

Багдат Мусин, Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмос өнөр жайы министри:

- «eGov mobile» тиркемесинде санариптик документтердин ичинде вакцинанын экинчи компонентин алгандан кийин эмдөөнүн электрондук паспорту жеткиликтүү болот. Азыркы учурда 60 миңден ашык адам, вакцинанын экинчи компонентин алгандардын бардыгы ушул электрондук паспортту колдоно алышат. Бул eGov мобилдик тиркемесин каалаган адам жүктөп алса болот. Себеби, азыр биз мындай вакцинанын паспортун жайылтуу боюнча мамлекеттик деңгээлде жана башка өлкөлөрдүн арасында иштеп жатабыз. Экинчиден, бул eGov мобилдик тиркемеси, электрондук паспорту QR-код аркылуу тастыкталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков