Адистер Казакстанда турак жай канчалык кымбаттаганын эсептеп чыгышты

Адистер Казакстанда турак жай канчалык кымбаттаганын эсептеп чыгышты

Казакстанда пенсиялык топтомдорун алуу программасы ишке ашырылгандан бери турак жайга болгон баалар бир топ өскөнү байкалат. Krisha.kz порталынын маалыматы боюнча, Актауда турак жайдын баасы рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Батирлердин баалары бул жерде 28% чейин өскөн. Ошентип, Актауда бир чарчы метрдин баасы учурда 245 миң теңгеден ашат. Ошондой эле, Уральск жана Атырау эң кымбат турак жайы бар шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди. Серепчилер бул үч шаар турак жай алууга пенсиялык топтоо каражаттарын пайдаланууда лидер болуп саналарын, бул өз кезегинде базардын активдүүлүгүнө жана сатуучулардын суроо-талабына өз таасирин тийгизгенин айтышат.

Республикалык маанидеги шаарлардын арасында Алматы лидер. Үчтүн айында эле бир чарчы метрдин баасы 4,5% кымбаттаган. Сатып алуучулар турак жайдын чарчы метри үчүн 488 800 теңге төлөөгө мажбур. Ал эми Шымкентте пенсия топтомдорун алуу өнөктүгүнүн эки айында баалар 3% жогорулап, 323 460 теңгени түздү. Борбор калаада олуттуу өзгөрүү байкалган жок. Болгону 3 пайыз кошулган. Бүгүнкү күндө борбор калаада батирдин бир чарчы метри 367 700 теңгеге бааланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков