Түндүк Казакстан облусуна 10 миң жумушчу күчү көчүрүлөт

Түндүк Казакстан облусуна 10 миң жумушчу күчү көчүрүлөт

2025-жылга чейин Түндүк Казакстан облусуна өлкөнүн башка аймактарынан 10 миңден ашуун жумушчу күчүн көчүрүү мерчемделип жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министри Серик Шапкенов бүгүн өкмөттүн отурумунда билдирди. Анын айтымында, иш-чара аймактагы демографиялык абалды жакшыртууга оң таасирин тийгизет. Аны менен катар, жумушсуздуктун деңгээлин 5% чейин азайтууга мүмкүндүк берет. Конуш алмаштыруучуларды жумушка орноштуруу, адаптациялоо жана жаңы шарттарды түзүү үчүн 200 миң теңгеден ашык бир жолку жөлөк пул берилет.

Серик Шапкенов, Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри

- Бош орундар жөнүндө маалымат алуу, башка жакка көчүүгө арыз берүү жана кабыл алынган чечим менен таанышуу электрондук эмгек биржасы аркылуу жүргүзүлөт. Экинчиден, мигранттарды жумуш менен камтууга жана адаптацияланышы үчүн шарттарды түзүүгө көчүп келүүгө бир жолку жөлөк пулдун көлөмүн 35тен 70 АЭКке чейин көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, министрдин айтымында, жакынкы 5 жылда облуста 97 миң жаңы жумуш орундарын түзүү көздөлгөн. Комплекстүү план боюнча ишке ашырылган долбоорлордун алкагында кошумча 16 миң туруктуу киреше булагы түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков