Нур-Султан шаарында балдар китеби жумалыгы өттү

Нур-Султан шаарында балдар китеби жумалыгы өттү

Жаш муундардын ой-жүгүртүүсүн өнүктүргөн уламыш-жомоктордун тарбиялык мааниси чоң. Борбор калаада балдар китеп жумалыгы өттү. Иш-чаранын алкагында атамекендик жана орусиялык белгилүү акын- жазуучулар, режиссёрлор, киносынчылар жергиликтүү окуучулар менен жолугушту. Балдар тили жаатындагы адистер жаш муундар үчүн адабий поэзия кечелерин, ачык сабактарды өткөрүшүп, дарстарды окушту. Максаты – элдик оозеки адабиятын жайылтуу болду.

Александра Поршнева, Казакстандын кино сынчылар бирикмесинин мүчөсү:

- Менин оюмча, элдик оозеки адабиятты жалпысынан байыртан келе жаткан ар кандай улуттук баалуулуктар менен чыгармачылыкты экранга чыгаруу, анимациялык тасмаларды тартууда колдонулган ыкмалар, өзгөчөлүктөрдү таанытууда кинолекторийлердин мааниси зор. Бул чыгармалардын мезгил убактылары, маалымат булактары, алардын тарыхый маанисин ачуу көрүүчүлөргө ар дайым кызыктуу болот. Ушундай жол менен аны кеңири пропагандалоого болот.

Китеп жумалыгы – Казакстан менен Орусиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө арналган көптөгөн иш-чаралардын бири. Бул өнөктөштүктү бекемдөө үчүн быйыл дагы биргелешкен маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын катарында ар кандай агартуучулук көргөзмөлөрдү жана театрлаштырылган спектаклдерди уюштуруу мерчемделген.

Константин Воробьев, Нур-Султан шаарынын Орусиялык илим жана маданият борборунун мүдүрүнүн орун басары:

- Быйылкы жылы Юрий Соломин баштаган Орусиянын чакан театрынын Казакстанга гастролдук сапарын уюштурууну мерчемдеп жатабыз. Ага Ирина Воробьева сыяктуу белгилүү сахна жылдыздары катышат. Санкт-Петербургда өтө турган «Балтийский дом» жана Сарань шаарында боло турган быйылкы фестивалдарга Костанай жана Көкшетау шаарларынын театрлары катышат деген үмүттөбүз. Ошондой эле, Москва жана Орусиянын башка да шаарларына казакстандык театрлар гастролго барат деген мерчемдер бар. Көргөзмөлөр боюнча да пландар көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков