М. Галкин: Димаштын уникалдуу үнүн тууроо мүмкүн эмес

М. Галкин: Димаштын уникалдуу үнүн тууроо мүмкүн эмес

Димаштын уникалдуу үнүн кайталоо мүмкүн эмес. Мындай пикирин орусиялык теле алып баруучу Максим Галкин билдирди. Белгилүү казакстандык ырчынын образын актриса Валерия Ланская кайталоого аракет кылып көргөн. Программада ал Димаштын «Любовь уставших лебедей» аттуу хит ырын аткарды. Айта кетсек, Галкин катышуучуга өтө татаал образды кайталоого аракет кылганын, бирок анын даярдаган номерин ийгиликсиз деп баалады.

Максим Галкин, теле алып баруучу:

Жанкечтинин чыныгы өзү экенсин! Бирок бул аткарууң ийгиликсиз болду, андыктан кабатыр болбоңуздар. Жогорку ноталарды ала алгандыктан гана, бул ырды мазактоого болбойт. Димаш, абдан мыкты ырчы, мен бул ырды жана ноталарды кантип аткарасың деп чочулап отурдум.

Теле алып баруучу Димаш Кудайбергендин мыкты аткаруучу экендигин айтып, бул образды эч кимге кайталабоого кеңеш берди. Максим Галкиндин айтымында, казак ырчысы өз үнүн толук колдоно алат. Ал маселе Димаштын 5 октаваны жакшы өздөштүргөндүгүндө эмес, анын октаваларды бир-бирден көтөрүп, кайра ылдый түшүрүп, аларды эркин колдоно алаарында экендигине токтолду. Бирок программада калыстар тобунун башка мүчөлөрү менен социалдык тармактын колдонуучулары Ланскаянын өнөрүн жогору баалашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков