Тележаңылыктар пандемия учурунда маалыматтын негизги булагына айланды

Тележаңылыктар пандемия учурунда маалыматтын негизги булагына айланды

Телекөрсөтүү жаңылыктары пандемия учурунда коронавирустун жайылышы боюнча маалыматтын негизги булагы болуп калды. Мындай жыйынтыкка коомдук пикирдин экспресс-мониторинг жүргүзүү бюросунун серепчилери келишти. Алар өлкөнүн булуң-бурчунан келген ар кандай курактагы миңден ашуун казакстандыктардан сурамжылоо жүргүзгөн.Ага ылайык, респонденттердин 70 пайызы, мисалы, социалдык тармактарга караганда телеканалдарда жарыяланган маалыматтарга көбүрөөк ишенээрин айтышкан. Алар кесипкөй журналисттердинжаңылыктарды эфирге берээрден мурун тактоо жүргүзө тургандыгына ишенишет.Ошол эле учурда, сурамжылоонун жүрүшүндө коомчулук үчүн учурда эмне чын, эмне жалган экендигин аныктоо кыйынгатураары белгилүү болду.

Серик Бейсембаев, социолог:

- Биз учурда социалдык тармактарда кеңири тараган ар кандай популярдуу фейктер менен адамдар канчалык макул экендигин сурадык. Мисалы, ошол эле коронавирус өзүнчө илдет эмес, кадимки эле сасык тумоо деген кептер боюнча. Бул илдетке байланыштуу биз респонденттердин ар бир төртүнчүсү коронавирустукадимки сасык тумоо катары көрүшөрүн аныктадык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков