Хоргосто рекорддук жүк ташуу катталды

Хоргосто рекорддук жүк ташуу катталды

«Хоргос» чек арасындагы эркин соода аймагында рекорддук жүк ташуу катталды. Бажы органдарынын маалыматы боюнча, 2020-жылы пандемияга карабастан Казакстан менен Кытайдын ортосунда жайгашкан экономикалык жактан маанилүү кургак порт аркылуу беш миңге жакын поезд өткөн. Адистердин айтымында, Кытай-Европа жүк ташуучу поезддери жеткиликтүү арзан баада жана сыйымдуулугу чоң болгондуктан, аларга суроо-талап жогору.

Цзэн Ецинь, логистикалык компаниянын менеджери:

- Былтыр биздин компания ассортиментин дагы кеңейтти. Азыр биз кийим жана бут кийим менен гана эмес,аны менен катар,жогорку технологиялык товарлар менен да иштейбиз.

Эске салса кетсек,«Хоргос» кургак порту 2016-жылы Кытай-Европа темир жол аркылуу жүк ташууну баштаган. Беш жылдын ичинде бул жерден өткөн поезддердин саны туруктуу көбөйгөнү байкалат.

Ло Цзяньцзян, Хоргос порту, станция жетекчилигинин орун басары:

- Суроо-талапты канааттандыруу жана үзгүлтүксүз эл аралык ташууларды камсыз кылуу үчүн жүктөрдү ташуу жараянын оптималдаштырдык. Таңгактоо убакытын кыскартып, бажылык жол-жоболоштурууну жөнөкөйлөттүк.

Лун Тэн, Хоргос шаарындагы бажы көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы:

- Биз Кытай менен Казакстандын чек ара кызматташтыгын жигердүү түрдө илгерилетип жатабыз жанажол-жоболоштурууну20 мүнөткө чейин кыскартууга аракет кылуудабыз.

Серепчилердин пикиринде, келечекте Кытай-Европа жүк поезддери экспорт үчүн да, импорт үчүн дагы дүйнөдөгү негизги каналдарынын бири болуп калышы мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков