Казактын уламыш-жомоктору комикс түрүндө жарык көрдү

Казактын уламыш-жомоктору комикс түрүндө жарык көрдү

Казактын элдик оозеки адабиятынын мыкты үлгүлөрү комикс түрүндө чыгарылды. «Улуу Талаа уламыштары» долбоорунун алкагында алгач «Улуу махабат тууралуу жети окуя» балдардын тилинде тартууланды. Ар бир байыркы лирикалык-эпикалык ырдын түпкү тамыры тереңде сакталган. Улуттук стилде кооздолуп, жаш жеткинчектерге түшүнүктүү болуш үчүн мазмунуна ылайык окуялар желеси сүрөттөр менен берилген. Тексти казак, орус жана англис тилдеринде жазылган. Эми жыл аягына чейин «Казак жеринин Улуу Баатырлары» деген аталышта дагы 10 сериялуу комикс жасалат. Ал эми кийинки жылы казак хандары жөнүндө китептер жарык көрөт. Ошондой эле, долбоордун алкагында эл жомокторун да дал ушундай форматта басып чыгаруу мерчемделүүдө. 

Азат Шауеев, «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фонду» КК мүдүрү:

- Алдыдагы чын куран айында 10-15 миң нуска менен басып чыгарып, балдар үйлөрүнө, мектептерге жана балдар китепканаларына чамабыз жеткенче таратып беребиз. Бирок биз аны 100 миңдеп, миллиондоп басып чыгарсак дагы, бардык казактын балдарына жеткире албайбыз. Ошондуктан биз электрондук версиясын түздүк. Ал сайтыбыздын аталышы Qazcomics.kz деп аталат. Аны менен катар, мобилдик тиркемесин да иштеп чыктык. Абдан ыңгайлуу. Биз азыр дүйнө жүзү боюнча ушул сыяктуу башка электрондук шаймандарды карап жатабыз. Ошол аянтчалардай эле, бети толук ачыла тургандай кылып бардык жагынан жакшыртып жатабыз.

Маалыматка ылайык, учурда сайтка жүктөлгөн уламыш-жомоктордун аудио версиясы иштелип жатат. Жылдын аягына чейин үн моделин ишке киргизүү мерчемделген. Буга кошумча, алардын ар бири үчүн атайын анимациялык тасмаларды тартуу каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков