Кайрымдуулук иштер марафону улантылат

Кайрымдуулук иштер марафону улантылат

Кайрымдуулук иштердин марафону токтобойт. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган иш-чара мындан ары дагы жакшы салт катары кала берет. Бул тууралуу Жарандык коом иштери боюнча комитеттин төрагасы Мадияр Кожахмет атайын брифингдин жүрүшүндө билдирди. Баяндамачынын айтымында, күн сайын жалпы элдик сыпаттагы кыймылга айланган иш-чаранын масштабы кеңейип, катышуучулардын саны эки эсеге көбөйүп келет. Бир айдын ичинде эле кайрымдуулук ишине 2 миллионго жакын казакстандыкжигердүү түрдө катышып, алар менен өлкө боюнча бир жарым миңден ашуун долбоор ишке ашырылды. Кайрымдуу адамдар экологиялык акцияларды уюштуруп, муктаждарга ар кандай жардамдарды көрсөтүп жатышат. Натыйжада, өлкөдө ыктыярчылардын саны үч эсеге көбөйүп, 600дөн ашуун жаңы волонтёрдук уюмдар түзүлгөн.

Мадияр Қожахмет, Жарандык коом иштери комитетининин төрагасы:

- Биринчиден, «Birgemiz» ыктыярчылардын республикалык фронт-офиси жана анын 17 аймактык кеңсеси сыпатында ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүү үчүн инфраструктураны түзүштү. Бул бардык ыктыярдуу уюмдар менен топторун бириктирүүгө мүмкүндүк берди. Аны менен бирге, ыктыярдуулук жаатындагы жаңылык деп QazVolunteer.kz бирдиктүү платформасын айтууга болот. Бүгүнкү күнгө чейин 47 миңден ашуун волонтёр жана 3 миңден ашуун уюмду бириктирген бирдиктүү маалыматтык ресурс ар кандай долбоорлордун пайда болушуна түрткү берди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков