140 миңге жакын казакстандык пенсия топтомдорун алды

140 миңге жакын казакстандык пенсия топтомдорун алды

Казакстандыктар пенсиялык фонддогу каражаттарды активдүү колдонуп жатышат. Өлкөнүн 140 миңге жакын жараны пенсиялык фонддогу топтомдорунан бир жолку төлөмдөрүн алууга жетишти. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Ерболат Досаев өкмөттүн жыйынында билдирди. Пенсиялык топтоолорду пайдалануу көрсөткүчү боюнча Алматы, Нур-Султан шаары жана Маңгыстау облустары алдыда. Фонддон которулган каражаттын 62,5 пайызы аталган 3 аймакка туура келет. Пенсиялык топтоолорду мөөнөтүнөн мурда которууөз кезегиндеБирдиктүү Пенсиялык Фонддун активдеринин азайышына таасир эткен. Натыйжада, аталган фонд 0,3 триллион теңгеге азайган. Учурда фонддогу каражаттардын жалпы суммасы болжол менен 12,6 триллион теңгени түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков