Этникалык мекенинен туулган жерине кайтып келген казакстандык

Этникалык мекенинен туулган жерине кайтып келген казакстандык

Казакстан – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн куттуу мекени. Бул Германияга 18 жашында жер которуп, 18 жылдан кийин мекенине кайтып келген Денис Рымановдун позициясы. Ал убагында солчул саясаттын айынан күч менен депортацияланган немис үй-бүлөсүнүн үчүнчү урпагы болуп саналат. Ал киндик каны тамган жерин, жаратылышын, кең пейил элин сагынганын айтат. Денис мекенине куру кол кайткан жок. Ал колбаса өндүрүү боюнча Германиянын мыкты технологиясын алып келип, өлкөгө кызмат кылсам, дейт.

Денис Рыманов, Нур-Султан шаарынын тургуну:

- Бардык нерсе салыштыруу аркылуу таанылат. Жашоо кичинекей нерселерден турат. Биз өзүбүздүн жаратылышыбызды, маданиятыбызды жана улуттук ашканабызды жакшы көрөбүз. Мага ушунун бардыгы жетишпей жатты. Ошентип өлкөгө кайтууга бел байладым. Бүгүнкү күндө Казакстан тездик менен өнүгүп жатат. Жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, рыноктун мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Казакстандын чыгарылган жогорку сапаттагы чийки заты менен Германиянын мыкты технологиясын кошуп колбаса өнүмдөрүн жасоону мерчемдеп жатам. Экспортко чыгаруу дарамети да жогору деп ойлойм.

Денис 4 ай мурун жубайы Мария менен Казакстанда туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн документ тапшырган. Алар өз келечегин Казакстан менен байланыштырышат. Казак жергесине алгачкы кадамын таштаган жубайы аз убакыттын ичинде коомго аралашып кеткендигин айтат.

Катарина Мария Мюллер, Нур-Султан шаарынын тургуну:

- Мен өзүмдү чет элдик жаран катары эсептебейм. Бул аталган өлкөнүн меймандос жана боорукер адамдарынын аркасы менен деп билем. Жардам колун сунуудан аянбайт. Чоңдорго жана аялдарга болгон сый-урмат жогору. Мага мындай сапаттар жагат. Казакстан Азия жана Европа маданияттарынын кесилишкен жери. Улуттук тамак-аштар тилди өздөштүрүүгө себеп болду. Айрыкча, жылкынын эти. Кең талаа, жарык күндөр, кооз жаратылыш. Нур-Султан шаары заманбап стилде курулган. Казакстан мени дароо өзүнө арбап алды.