Жалган куран айынын бири – Рахмат айтуу күнү

Жалган куран айынын бири – Рахмат айтуу күнү

Улуттук тамактардан даам сызып, ар түрдүү элдердин маданияты менен таанышып, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алуу. Мунун бардыгы борбордогу Достук үйүндө уюштурулду. Борбор калаада рахмат айтуу күнүнүн алдында Казакстан Элдер Ассамблеясынын мүчөлөрү майрамга карата тегерек стол, флешмоб, видео-эстафета, челлендж сыяктуу иш-чараларды өткөрдү. Мында 22 этномаданий борбордун өкүлдөрү коноктордун назарына кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүн ачышты. Иш-чарага катышуучулар мейман тосууда алдына эч кимди салбаган казак элинин кең пейилдиги жана боорукердиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Эске салсак, жалган куран айынын биринде казакстандыктар рахмат айтуу күнүн белгилешет. Бул майрам ушуну менен 6-жолу белгиленип жатат.

СЕРГЕЙ ЦЫРУЛЬНИКОВ, БЕЛАРУСЬ ЭТНО МАДАНИЙ БОРБОРУНУН ӨКҮЛҮ:

 - Жеке күбөлүгүмдө улутум беларус деп көрсөтүлгөнү менен, мен өзүмдү казакстандыкмын деп эсептейм. Анткени мен казак жеринде төрөлгөн төртүнчү урпактын өкүлүмүн. Бул майрамдын Казакстан эли үчүн мааниси өтө терең. Биз өзүбүздүн тарыхыбызды сакташыбыз керек. Учурунда ар кандай реформалардын аркасында Казакстан аймагына көптөгөн этникалык топтор күч менен көчүрүлгөнүн жакшы билебиз. Көпчүлүгү ээн талаада ташталган. Конуш оодарган башка улуттарды казак эли кучак жайып тосуп алган. Жегендери менен бөлүшүп, жардам колун сунду. Ошол кыйын мезгилде башка этнос өкүлдөрүнө жасаган жакшылыктарын унутпашыбыз керек.