Чет өлкөдө улуу Абайдын 14 маданий борбору ачылды

Чет өлкөдө улуу Абайдын 14 маданий борбору ачылды

2020-жылы эл аралык деңгээлде белгиленген Абайдын 175 жылдыгына пандемия тоскоол болгон жок. Казактын улуу акыны, философу жана композиторунун мааракесине карата чет өлкөлөрдө Абай атындагы 14 маданий борбор ачылган. Бул тууралуу Маданият жана спорт министрлигинин кеңейтилген жыйынында айтылды. Вице-министр Нуркиса Дауешовдун айтымында, өлкөдө Абайдын 8 эстелиги тургузулган. Мындан тышкары, ойчулдун чыгармалары дүйнөнүн дагы 10 тилине которулуп, «Абай таануу» басылмасынын 10 томдугу жарык көрдү.