COVID-19: Нур-Султан шаары «Кызыл аймактан» чыкты

Борбор калаа «кызыл аймактан» чыкты. Бирдин айынын 11деги эпидемиологиялык кырдаалды баалоо матрицасына ылайык, Казакстандын эки облусу «кызыл зонада» турат. Алар Акмола жана Павлодар. Кечээ «кызыл зонада» болгон Нур-Султан шаары бүгүн «сары» зонага өттү. Аны менен катар, «Сары» зонада Костанай, Түндүк Казакстан жана Батыш Казакстан облустары бар. Калган аймактардын бардыгы «жашыл» аймактардын катарында. Жалпысынан Казакстан коронавирустун жайылуу коркунучу боюнча «жашыл» зонада турат. Белгилей кетсек, өткөн суткада коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны мурунку күнгө салыштырмалуу бир топ азайганы белгилүү болду. 1007 адамдан илдет тастыкталды. Жалпысынан өлкө боюнча бейтаптардын саны 199 миңден ашты.