Казакстанда NEET категориясындагы жаштарды колдоо боюнча аракеттер көрүлөт

Казакстанда NEET категориясындагы жаштарды колдоо боюнча аракеттер көрүлөт

Руханий жактан күчтүү муунду тарбиялоо. Бул жалпы мамлекеттин келечеги жөнүндө маселе. Бул тууралуу маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Балаева билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү NEET категориясындагы, ар кандай жагдайларга байланыштуу жумушсуз же билим албаган жаштарды колдоо боюнча аракеттер көрүлөт. Учурда ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүү боюнча жол картасы жана кайрымдуулук иштерин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат. Мамлекеттик «Руханий жаңыруу» программасы жогорку маданияттуу жана социалдык жоопкерчиликтүү жаш муунду калыптандырууга негиз болот.

АИДА БАЛАЕВА, КАЗАКСТАНДЫН МААЛЫМАТ ЖАНА КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

 - Келечек бүгүнкү муундан башталат. Ошондуктан, биз руханий жаңыруунун негизги багыты катары балдарды руханий жана адамгерчилик жактан тарбиялоонун маанилүүлүгү өзгөчө экендигин белгилейбиз. Буга байланыштуу биз Улуттук комиссиянын алдыдагы отурумуна учурда бардык кызыктар тараптардын катышуусунда иштелип чыккан мектеп жашындагы жана мектепке чейинки курактагы балдарды руханий-гумандуулукка тарбиялоо стратегиясын чыгарып, аны ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин кеңейтилген коллегиясында министр 2022-жылы ЖМК тууралуу жаңы кабылдоо мерчемделип жаткандыгын айтты. Ошондой эле, ал чек ара аймактарында мамлекеттик радио уктуруу тармагын өнүктүрүү боюнча Жол картасы иштелип чыгып, радио жыштыктарга сынак жарыялангандыгын билдирди.