Серепчи: Латын арибине өтүү – глобализацияга карай кадам

Латын алфавитине өтүү Казакстандын дүйнөлүк маалымат мейкиндигине чыгуу жараянын тездетет. Мындай пикирин филология илимдеринин доктору, профессор Зейнеп Базарбаева биздин каналга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, калктын 80-90 пайызы латын арибинде жазып, окуйт. Ошондуктан башка элге казак элинин бай мурасы, маданияты жана тарыхы менен таанышуу жеңилирээк болот.

ЗЕЙНЕП БАЗАРБАЕВА, КАЗАКСТАНДЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН АКАДЕМИГИ, ПРОФЕССОР:

- Бул оңдолгон жаңы латын алфавити орфографиялык топтун отурумдарында, семинарларда, тегерек столдордо, конференцияларда талкууланып, тар чөйрөдөгү адистер гана эмес, жалпы коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан жогору бааланган. Эми бул оңдолуп, түздөлгөн алфавит жана орфография эрежелери өлкөнүн өкмөтүнө караштуу улуттук комиссиянын кароосуна коюлат.