Президенттик шайлоонун мыйзамдары

Президенттик шайлоонун мыйзамдары

Касым-Жомарт Токаев өлкөдө масштабдуу шайлоо жараянын баштады. Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяк оона айынын 23 дө башталат. Шайлоочулардын добуштарын чогултуу, ошондой эле кайсы уюмдар жогорку кызматка талапкерлерди көрсөтө алаарын жөнгө салуучу катуу тартип бар. Кошумчалай кетсек, “Шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, казакстандыктар өзүн-өзү көрсөтө алышпайт.

Оразгали Селтеев Евразиялык интеграция институтунун мүдүрү:

- Талапкерлер кайсы гана республикалык коомдук бирикмеден болбосун шайлоого катыша алышат. Ошондой эле, партиялар да болушу мүмкүн. Бизде, мисалга ала турган болсок, “Атамекен” улуттук палатасы, жарандык альянс, ар түрдүү профсоюздар бар. Алар юридикалык жак катары катталгандыктан, президенттик шайлоого катышууга толук укуктуу.

Шайлоо акысын төлөп, алардын жарамдуулугун текшергенден бир айдан кийин БШК мамлекет башчылыгына талапкерлердин аты-жөнүн расмий жарыялайт.

Казакстан Республикасынын президенттигине талапкерлерге коюлган талаптар

Конституцияга ылайык, мамлекет башчылыгына Казакстанда төрөлгөн жаран гана талапкер боло алат. Анын жашы 40тан кем эмес, мамлекеттик тилди жакшы билген, жогорку билимдүү, мамлекеттик кызматта беш жыл иштеген болушу керек. Ошондой эле, акыркы 15 жылдан бери өлкө аймагында жашаган болушу кажет. Акыркы талаптын өзүнүн өзгөчөлүгү да бар.

Индира Аубакирова  Конституцияга өзгөртүү   киргизүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү:

- Чет өлкөдө калып, мамлекеттин ар кандай тапшырмасын аткарып жүргөн адамдар негизи Казакстандын атынан иш алып барышат. Чет өлкөдөгү казак элинин атынан мындай учурларда өзгөчөлүк каралган. Башкача айтканда, алардын ал жерде болушу убактылуу. Бул өкүлдөр өлкөнүн жараны жана бийлик өкүлү катары гана иштешет. Эгерде бул ченемдик талапты киргизүүнүн максатын түшүнүүгө аракет кыла турган болсок, анда ал мамлекеттин биринчи адамынын макамын милдеттендирет, ал бир гана аталган өлкөнүн кызыкчылыгын ырааттуу түрдө коргоого жана башка мамлекеттердин кызыкчылыгынын таасири менен байланышта болуучу тобокелдиктерди азайтууга тийиш.

Булардын баары  «Шайлоо жөнүндө» мыйзамда так көрсөтүлгөн. Ошондой эле, жаран президенттикке талапкер боло албайт деген пункттар да бар. Талапкерлердин санында чектөө жок. Эгерде каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин экиден аз президенттикке талапкер көрсөтүлсө, БШК 20 күндөн ашык эмес мөөнөткө узартат. Ошол эле учурда ар бири добуш берүү күнүнө эки күн калганда каалаган убакта өз талапкерлигин алып сала алат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков