Президент БУУнун Башкы ассамблеясынын дебатына катышты

Президент БУУнун Башкы ассамблеясынын дебатына катышты

БУУнун штаб-кеңсесинде өтүп жаткан жолугушуу дүйнө геосаясий чыр-чатактын жаңы этабына кирген адамзат үчүн өтө оор мезгилде өтүп жатат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Тартипке жана жоопкерчиликке негизделген, мурда түзүлгөн эл аралык системанын ордун башаламандык менен болжолдоого болбой турган абал басып жатат. Тынчтыктын жана тең салмактуулуктун глобалдык системасы бейкутчулук менен туруктуулукту сактай алган жок. Коопсуздук архитектурасы бузула баштады. Дүйнөлүк державалардын ортосундагы өз ара ишенбөөчүлүк тездик менен өсүүдө. Дүйнө аскердик кагылыштардын жаңы толкунунун курмандыгына айланды. Биз алгачкы жолу эки муундун арасында ядролук куралдын коркунучуна туш болуп жатабыз.

Ошону менен бирге,мамлекеттердин ортосундагы экономикалык жана саясий карама-каршылык курчуп кеткендиги белгиленди. Натыйжада, азык-түлүк менен камсыз кылуу чынжыр бузулуп, миллиондогон адамдар жапа чегүүдө.

Антониу Гутерриш,  БУУнун башкы катчысы:

- Биз бардык багыттар боюнча аракет кылышыбыз керек. Бош кыялга ээрчибейли. Планета азыр өрткө чулганып жатат. Теңсиздик кескин өстү. Уюмдун уставы жана принциптери коркунучта. Карапайым эл, айрыкча алсыздар кыйналууда. Биз ыкчам түрдө аракет кылышыбыз керек.

Гутерриштин сөзүн Касым-Жомарт Токаев дагы бекемдеди. Президент дүйнөдө туруктуулукту орнотуу үчүн эмне керек экенин айтты. Биринчи кезекте мамлекеттердин суверенитетин сактап калуу зарыл. Андан кийин аймактык бүтүндүктү сыйлоо керек. Үчүнчү принцип – мамлекеттердин бири-бири менен тынчтыкта ​​болушу маанилүү. Президент ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө токтолуп өттү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков