«Assalaumagaleikum» фестивалы башталды

«Assalaumagaleikum» фестивалы башталды

Актөбеде Казакстандын белгилүү куурчак театрлары жолугушту. Облуста салтка айланган “Ассалаумагалейкум” эл аралык фестивалы башталды. Маданий иш-чарага ата мекендик өнөрпоздордон тышкары Орусия Федерациясынын Бурят, Ингуш, Башкыртстандын жаш көрүүчүлөр театрлары, Өзбекстандан Фергана облустук жана Кыргызстан мамлекеттик куурчак театрларынын өкүлдөрү катышууда. Фестивалдын жүрүшүндө 14 жамаат дүйнөлүк классикадан баштап, түрдүү элдердин адабиятынан спектаклдерди сахналаштырышат. Калыстар тобу эң мыкты спектаклди жана режиссёрду, эң мыкты сценографияны жана музыкалык партитураны, ошондой эле мыкты актер менен актрисаны аныкташат.

Асия Курманалина, Облустук "Алакай" куурчак театрынын мүдүрү:

- Бул фестиваль биздин театрдын сыймыгы. Биз кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашып гана тим болбостон, балдарыбыздын, кичинекей көрүүчүлөрүбүздүн көңүлүн кызыктуу спектаклдер менен да кубанта алабыз. Актөбелик балдар башка улуттардын салт-санаасы менен таанышышат. Театр, маданият дүйнөсүнө бир кадам жакындашат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков