Дин лидерлеринин курултайына катышуучулар адамгерчиликке чакырышты

Дин лидерлеринин курултайына катышуучулар адамгерчиликке чакырышты

Диний лидерлер менен жогорку даражадагы адамдардын ар бир жолугушуусу адамзатка үмүт тартуулайт. Мындай пикирин дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайында Аль-Азхар ислам университетинин жогорку имамы Ахмед ат-Тайеб билдирди. Анын айтымында, дүйнө жүзүндө коноравирус пандемиясынан кийин калыбына келүүгө убакыт болгон жок. Себеби, анын артында башка чакырыктар пайда болду. Ошондуктан, борбор калаада өтүп жаткан эл аралык форумга чогулгандарды бардык диндердин баалуулуктарын бекемдөөнүн үстүндө иштөөгө чакырды. Диний бир туугандык дүйнөлүк бир туугандыктын негизги шарты боло алат - деп билдирет Ахмед ат-Тайеб.

Ахмед  ат-Тайеб, Аль-Азхар ислам университетинин жогорку имамы

- Адамзат жаратылыштын жана климаттын күтүлбөгөн өзгөрүүлөрүнөн, мисалы, глобалдык жылуулуктун, токойлордогу өрттөрдүн, шаарлардын суу ташкынынын жана жер көчкүлөрдүн коркунучунун, кээ бир дарыялардын азайышы жана көптөгөн тирүү жандыктардын курмандыктары сыяктуу коркуу жана дүрбөлөңдү башынан өткөрүп жатканын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Бул кырсыктар адамдын кайдыгерлигинен, башкаларга кайдыгер кароосунан келип чыкканын унутпашыбыз керек.

Аль-Азхар ислам университетинин жогорку имамынын ою менен Рим папасынын ою төп келди. Конгрессте Рим папасы Франциск бүгүнкү күндө адамдар бири-бирин кабыл алуу кыйын болуп, боорукердик, камкордук азайганына өкүнүчүн билдирди.

Рим папасы Франциск

- Пандемия жана глобалдык тилектештик маселелеринен тышкары, адамзаттын бир туугандыгынын маселеси бар. Бүгүнкү күндө адамдар бири-бирин абдан кыйынчылык менен кабыл алышат. Күн сайын төрөлө элек наристелер, мигранттар, кары-картаңдар көңүл сыртында калышууда. Адамдар бири-бирине кайдыгерлик менен мамиле кылышат. Алар ар бир адам ыйык экенин унутушту. Муну дин адамдары эске алууга тийиш.

 

 Которгон: Илгиз Жамалбеков