Рим папасынын Казакстанга сапары – тарыхый окуя

Рим папасынын Казакстанга сапары – тарыхый окуя

Рим папасы Францисктин Казакстанга сапары бардык католиктер үчүн тарыхый окуя. Мындай пикирин Караганды католик епархиясынын епискобу Аделио Дель’ Оро билдирди.

Аделио Дель’ Оро         Караганды католик епархиясынын епискобу

- Мындан 21 жыл мурун Рим папасы Иоанн II “Казакстан – Европа менен Азияны байланыштырган данакер” – деген баасын берген. Бул эл арасында кызматташтыктын жана тынчтыктын туусун желбиретип турган куттуу жер.

Караганды шаарындагы католиктер Дева Мария Фатимскаянын аты берилген соборго келип сыйынышат. Храм мындан 10 жыл мурун ачылган. Жаңы готика стилинде курулган имараттын бийиктиги 22 метрди түзөт. Объектти курууда Кёльн собору үлгү катары алынган. Чиркөөнүн эшиги келгендер үчүн дайыма ачык - дешет бул жердеги кызматчылар.

Евгений Зинковский  Караганды католик епархиясы епискобунун жардамчысы

- Кафедралдык собор Мария Фатимская атында. Бул биздин бардык конокторубуз үчүн эң өзгөчө көрүнүш болуп саналат. Чиркөөдө жан дүйнөңүзгө жай таап, дүйнөнүн кулу болбостон “түбөлүктүүлүк” жөнүндө ойлонуп, ишенимиңизди бекемдей аласыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков