Илим жана жогорку билим берүү министрлигиндеги жаңычылдыктар

Илим жана жогорку билим берүү министрлигиндеги жаңычылдыктар

Казакстандын илим жана жогорку билим берүү системасы толук өзгөрүүгө муктаж. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек борбор калаада университеттердин ректорлору, илимий-изилдөө институттарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн атайын форумда билдирди. Ал жаңы министрлик жаңы өзгөрүүлөргө даяр экенин белгиледи. Биринчи кезекте университеттерде илим өнүгөт. Министрдин айтымында, жогорку окуу жайлары илимий кадрлардын булагы болушу керек. Анткени, республикада илим боюнча адистердин саны абдан аз. Эгерде 90-жылдары бул тармакта 52 миңге жакын кызматкер иштесе, бүгүнкү күндө бул сан эки эсеге чейин азайган. Ошондой эле, президенттин буйругуна ылайык, илим тармагын каржылоонун моделдери жана механизмдери кайрадан каралып чыгат.

Саясат Нурбек, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри:

- Илимий гранттардын, изилдөөлөрдүн жана каржылоо программаларынын натыйжалары негизги маселе бойдон кала берет. Ошондуктан реформа керек, бул биздин илимдин прикладдык мүнөзү. Башкача айтканда, ар кандай илимий изилдөөлөр конкреттүү маселени чечүүгө жардам бериши керек. Магистратурада PhD бакалаврлары үчүн стипендия көбөйөт, ошондой эле илимий гранттарды, программалык максаттуу каржылоо эки эсеге артат.

Саясат Нурбектин айтымында, мамлекет жакынкы үч жылда илимди 1 триллион теңгеге чейин каржылоону көздөп жатат. Ал эми бул ички дүң өнүмдүн 1 пайызын түзөт. Негизги милдет – жогорку окуу жайларынын илимий долбоорлору рынокто суроо-талапка ээ болууга тийиш.

Сауле Рахметуллина,   Д. Серикбаев атындагы чыгыш Казакстан техникалык университетинин ректору:

- Азыркы учурда импортту алмаштыруу боюнча программанын үстүндө иштеп жатабыз. Тагыраак айтсак, бул тууралуу бир нече илимий долбоорлорубуз бар. Батпенов атындагы илим-изилдөө институтунун травматология, ортопедия бөлүмдөрү менен биргеликте иш алып баруудабыз. Бизде каржылоо жагы программалык-обьект болду. Биринчи этапта импланттарды жасап, клиникалык сыноолордон өттүк. Ал эми долбоорду коммерциялаштыруу үчүн өнөктөштөрдү издеп жатабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков