Казакстанда Абай күнү белгиленүүдө

Казакстанда Абай күнү белгиленүүдө

Бүгүн Казакстанда казактын улуу акыны жана агартуучусу Абайдын туулганына 177 жыл толду. Эске салсак, мындан эки жыл мурун баш оона айынын 10ну Абай күнү катары бекитилген. Ошентип майрам календарга киргизилген. Бул күнү өлкөнүн бардык аймактарында ойчулдун урматына көргөзмөлөр, конференциялар, чыгармачылык кечелер өтүп жатат. Маселен, борбор калаадагы Улуттук академиялык китепканада “Абай таануу” аттуу адабий-музыкалык кече уюштурулса, Борбордук балдар жана өспүрүмдөр китепканасы “Абай ааламы” аттуу китеп көргөзмөсүн ачты. Алматыда көчмө көргөзмө уюштурулуп, конокторго Абайдын өмүрү менен чыгармачылыгына байланыштуу баалуу экспонаттар сунушталат. Майрамдык программа акындын туулган жери Семей шаарында болот. Невзоровдордун үй-бүлөсү атындагы көркөм сүрөт музейинде Абай Кунанбай уулуна арналган вернисаж өтөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков