Казакстан дүйнөлүк шахмат олимпиадасында алдыңкы үчтүккө кирди

Казакстан дүйнөлүк шахмат олимпиадасында алдыңкы үчтүккө кирди

Казакстан шахмат боюнча дүйнөлүк мелдеште алдыңкы үчтүккө кирди. Индиянын Ченнай шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк олимпиадада Казакстандын курама командасы Болгариянын командасы менен беттешти. Жыйынтыгында казакстандыктар арасынан Жансая Абдималик жана Гүлишхан Нахбаева атаандаштарын бир топ артыкчылык менен утуп алышты. Ал эми Бибисара Асаубаева жана Ксения Балабаева беттештерин тең чыгуу менен аяктады. Казакстандын эркектер командасы Сербиянын шахматчыларына 1,3 эсебинде утулуп калды. Кыз-келиндер курамасынын кийинки атаандашы - Индия курамасы. Федерация өкүлдөрү бул беттеш өтө маанилүү экенин айтышууда.

Ануар Исмагамбетов, Казакстандын шахмат федерациясынын аткаруучу мүдүрү:

- Бүгүн бизде Казакстан убактысы боюнча 15:30да башталат. Саат 20.30-21.00 чамасында аяктайт. Эртең оюндар саат 10.30да башталып, түштөн кийин бүтөт. Ошондо баары билинет. Уюштуруучулар акыркы жыйынтыктарды жарыялашат.

Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы жылына эки жолу өткөрүлөт. Быйыл ага 190 өлкөдөн катышууда.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков