Медициналык поезд Казакстандын аймактарын кыдырууда

Медициналык поезд Казакстандын аймактарын кыдырууда

«Дени сак Казакстан» адистештирилген медициналык поезди өлкөнүн аймактарын кыдырууда. Бул жолу дарыгерлер тобу Павлодар облусунун айылдарында болуп кайтты. Алыскы станциялардын жана конуштардын жүздөгөн тургундары акысыз текшерүүдөн өтүп, тиешелүү дарыланууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бибижан Асарбекова, айыл тургуну:

- Айыл тургундары адистердин жардамына муктаж. Кардиологго, терапевтке, стоматологго көрүнүп, УЗИден өтүп жатышат. Мурда тишти гана жулган болсо, азыр дарылоодо. Мен жеке өзүм кардиологго көрүндүм.

Мобилдик клиникалык комплекс заманбап дарылоочу аппараттар менен жабдылган. Биохимиялык анализдер, рентгенография, флюорография, ички органдардын жана кан тамырлардын УЗИ изилдөөлөрү, электрокардиограмма жана гастрофиброскопия комплекстүү диагноз коюуга мүмкүндүк берет.

Нурипа Тайжанова, М. Омаров айылынын жалпы тажрыйбалык дарыгери:

- Таңкы саат сегиз жарымдан тарта үч айылдын эли келип, медициналык жардам алып жатышат. Көбүнчө тиш доктур, невропатолог жана УЗИ кабинетине муктаж болчубуз. Элдин баары абдан ыраазы. Бизге көп жардам керек. Анткени, элдер мисалы тишин дарылоого же невропатологго, УЗИге түшүү үчүн Аксуга, облус борборуна барып отурбай бир күн болсо да өздөрүнө керектүү медициналык жардамды алып жатышат.

Медициналык поезд жетинин айынын 2не чейин өлкөнүн алыскы 67 станциясын кыдыраары көздөлүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков