Быйыл жалпы республикалык тест тапшыруучулардын 76 пайызы казак тилин тандады

Быйыл жалпы республикалык тест тапшыруучулардын 76 пайызы казак тилин тандады

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн 290 миңден ашык арыз түшкөн. Алардын 160 миңи биринчи, калган 130 миңи экинчи мүмкүнчүлүктү колдонууга берилген. ЖРТнын жыйынтыгы боюнча 154 миң абитуриент эки мүмкүнчүлүктү кошо алганда 276 миң жолу тест тапшырды. Бул тууралуу борбордук коммуникация кызматында өткөн  брифингде өлкөнүн Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин өкүлү билдирди. Гүлжан Джарасованын айтымында, быйыл бүтүрүүчүлөрдүн 76 пайызы эне тилинде, 24 пайызы орус жана 213ү англис тилинде тест тапшырышты.

Гүлжан Джарасова, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жогорку окуу жайынан кийинки билим департаментинин мүдүрү:

- Биринчи кезекте быйылкы жылдын бардык тесттик тапшырмалары жаңыланган билим берүү программалары боюнча түзүлдү. Экинчиден, быйылкы ЖРТнын негизинде Казакстандын тарыхы предмети боюнча тесттердин жалпы саны сакталып, 15ти түздү. Алардын бешөө контексттик тест суроолорунан турат. Үчүнчүдөн, быйылкы жылы юридикалык билим берүү тармагынын чектүү баллы өзгөрдү, ал 75 баллды түзөт. Билим берүүнүн башка тармактарында эч кандай өзгөрүү жок.

Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестирлөө быйыл да электрондук форматта 43 тестирлөө борборунда, бир компьютер, эки камера жана бир сынак берүүчүнүн базасында өткөрүлдү. Ошондой эле, өзгөчө билимге муктаж абитуриенттерди тестирлөөдөн өткөрүү үчүн экзамендин убактысы 40 мүнөткө узартылды. Бул топко кирген бүтүрүүчүлөрдүн саны 811ге жетти. Былтыр болгону 90 гана бүтүрүүчү болгон.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков