Казакстанда мамлекеттик гранттардын 60%ы техникалык адистиктерге бөлүнөт

Казакстанда мамлекеттик гранттардын 60%ы техникалык адистиктерге бөлүнөт

Казакстанда жогорку билим берүү гранттарынын 60%ы техникалык адистиктерге бөлүндү. Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-2023-жылдарга жалпысынан 73 миң грант каралган. Быйыл өкмөттөн унаа жасоо, кайра иштетүү, курулуш боюнча буйрутмалар да көбөйдү. Белгилей кетсек, калктын социалдык аялуу катмарындагы балдар үчүн квоталардын саны арткан. Көп балалуу же толук эмес үй-бүлөлөрдүн уул-кыздары, ошондой эле өзгөчө муктаждыктары бар өспүрүмдөрдү тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдүн абитуриенттери грант алуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ. Быйыл мамлекет башчысынын буйругу менен биринчи жолу билим берүү грантынын жаңы түрү аныкталды. «Калкы жыш жайгашкан жана батыш аймактарынын жаштары үчүн алдыңкы жогорку окуу жайларында окууга арналган максаттуу грант Атырау жана Маңгыстау облустарындагы 10 миң абитуриентке берилет» - деп түшүндүрдү министрлик. Магистратурага кабыл алуу үчүн 13 миңдей, докторантурага 1800дөн ашык грант бөлүнгөн. Белгилей кетсек, билим берүү гранттарынын толук тизмеси менен Улуттук тестирлөө борборунун сайтынан таанышууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков